БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргызстандык келин Стамбул аэропортунда көз жарганын Түркиянын NTV телеканалы жазды.
Маалымат боюнча, окуя кечээ, 7-февралда, болгон. Кыргызстандык аял күйөөсү менен Санкт-Петербург шаарынан Стамбулга келген.
Жубайлар паспорттук көзөмөлдөн кийин Анкарага учушмак, бирок аял өзүн жаман сезип, эс-учун жоготкон.
Көп өтпөй эне-бала Башакшехир шаардык ооруканасына алып келинген. Учурда экөөнүн тең абалы жакшы экени айтылат.
Ал арада окуянын күбөлөрү социалдык тармактарга аэропорттун кызматкерлери төрөттү кабыл алып жаткан видеолорду бөлүшүүдө.