Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо күнү белгиленди

Өлкө аймагында эки айдан кийин жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. "Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыкка президент кол койду.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. – Sputnik. Кыргызстандын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо үстүбүздөгү жылдын 11-апрелине белгиленди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Ага ылайык, жергиликтүү кеңештердин мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу жер-жерлерде жаңы шайлоо өткөрүлөт.