КРде илимге жумшалган каражат көбүнесе кайсы булактардан алынат. Статистика

Илимий иштер менен жыл сайын төрт миңден ашык киши алектенет. Булардын арасында эң көбү — илимдин докторлору жана кандидаттары.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргызстанда илимдин кайсы тармагына көбүрөөк акча жумшаларын Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, 2019-жылы илимге бөлүнгөн каражаттын басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 483 миллион сому илим-изилдөө иштерине кеткен. Ал эми илим тармагына жалпысынан 528 миллион сом жумшалган.
Так эмес маалыматка контрчабуул коебуз. Илим жаатында өзгөчө долбоор жасаган жигиттер
Илим-изилдөө иштерине долбоордук-конструктордук жана технологиялык иштер, курулуш үчүн долбоордук иштер, буюмдардын тажрыйбалык үлгүлөрүн даярдоо жана илимий-техникалык тейлөөлөр кирет.
Баса, жогоруда айтылган сумманын басымдуу бөлүгү илимпоздордун өз күчү менен (демөөрчүлүк негизинде) табылары айтылат.
Илимий иштер менен жыл сайын (акыркы беш жылдын ичинде) төрт миңден ашык киши алектенет. Булардын арасында эң көбү — илимдин докторлору жана кандидаттары.
Кыргызстанда илим чордону болгон Улуттук илимдер академиясына реформа керек экени бир топ жылдан бери айтылып келет.