COVID: беш бейтап көз жумуп, 42 киши ооруп калды. Кыргызстандагы статистика

Акыркы убакта Кыргызстанда коронавирустан каза тапкандар күн сайын катталып жатат. Андан сырткары, стационарларда оор абалда жаткандар көп болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан үч бейтап каза тапса, 42 киши ооруну жуктуруп алды. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.
"Өткөн суткада Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда бир, Ош облусунда бир бейтап оору менен алышып жатып көз жумду", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми илдеттен 79 адам айыгып чыккан. Бирок учурда ооруканада дарыланып жаткандардын арасында абалы оор бейтаптар да бар.
"Учурда стационарда жаткандардын ичинен 118 адам оор, 31 киши өтө оор абалда жатат", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми 572 адам амбулатордук дарыланууда экени кабарланды.
Бир сутка ичинде коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны:
Бир сутка ичинде коронавирустан айыгып чыккандар: