"Дордой" футбол клубу машыктыруучу Крестининдин уулун командага алды

Россиянын 19 жаштагы жараны Кирилл Крестинин буга чейин Бишкектин "Илбирс" клубунда ойноп келген. Жаңы команда үчүн ал бир сезон ойнойт.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Бишкектин "Дордой" футбол клубу команданын башкы насаатчысынын уулу Кирилл Крестининди курамына алды. Бул маалыматты клубдун коомчулук менен иштөө боюнча адиси Теңкелбес Мусаев тастыктады.
Команда, мындан сырткары, дагы бир россиялык футболчу Александр Мачевскийди да командага алган
Анын айтымында, 19 жаштагы коргоочу менен клубдун ортосундагы келишим бир сезонго түзүлгөн. Россиянын жараны Кирилл Крестинин 2018-жылы жана 2020-жылы Бишкектин "Илбирс" клубунда ойноп келген.
Команда, мындан сырткары, дагы бир россиялык футболчу Александр Мачевскийди да командага алган.
"Дордой" өткөн жылы мөөнөтүнөн мурда өлкө чемпиону болгон.