Бишкекке жаңы вице-мэр дайындалды

Жаңы вице-мэр Русланбек Акылбеков буга чейин мамлекеттик жана жеке уюмдарда жетекчилик кызматтарда эмгектенген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Бишкектин жаңы вице-мэри болуп Русланбек Акылбеков дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров экс-вице-премьер Равшанбек Сабировду кеңешчи кылып алды
Акылбеков жеке юридикалык жана финансылык компаниянын директору болгон. 2012-жылы Биринчи май райондук акиминин орун басары болуп турган. Мындан сырткары, мамлекеттик жана жеке уюмдарда жетекчилик кызматтарда эмгектенген. Буга чейин вице-мэр Азиз Алымкулов ээлеген кызматынан бошотулган. Ал эки жыл иштеди.