Балбак Түлөбаевдин башка ишке кетип жатканы маалым болуп, ордуна ким келери айтылды

Шаардык муниципалитеттеги маалымат булактар Түлөбаевдин Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгын жетектеп кетип жатканын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев отставкага кетип жатканы боюнча маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү тастыктады.
Пресс-борбор
Бишкектиктер эми мэриянын жумушун көзөмөлдөй алат. Атайын долбоор боюнча брифинг
Анткен менен шаардык муниципалитеттеги маалымат булактар анын Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгын жетектээрин айтышты.
Аны менен катар эле мэрдин милдетин Эрмек Нургазиев аткара тургандыгын билдирип, эртең мэриянын жамаатына тааныштырышарын кошумчалады.