Акчасын эсептен уурдаткандар кайрылгыла. Ош шаарынын милициясы жарыя кылды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмү акчасын алдырган жабырлануучулар болсо аталган бөлүмгө кайрылууну суранды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Ош аймагында жарандардын банктык эсебинен интернет, компьютердик технологияны пайдаланып 186 миӊ сом жана 800 доллар акча уурдады деп шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.
“Ош ШИИБинин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери бул кылмышка шектүү жарандарды кармашты. Алар тарабынан сегиз жарандын банктагы эсебинен акчаларын интернет жана компьютер технологияларын пайдаланышып, өздөрүнө караштуу башка эсепке, банктык карточкага которуп жүрүшкөн. Бул боюнча ошол адамдар арыз жазган. Алардын эсебинен жалпысынан 186 миӊ сом жана 800 доллар акча уурдалган”, — деп билдиришти милициядан.
Шектүүлөрдүн 21 жана 23 жашта экендиктери айтылды.
“Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмү дагы жабырлануучулар болсо аталган бөлүмгө кайрылууну суранат”, — деп жазылган таратылган маалыматта.
Учурда алдамчылык беренесинин белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.