Абактарда "положенец" макамын алып жүргөн кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү кармалды

Кармалган адам буга чейин ар кайсы беренелер менен бир нече жолу соттолгон. Түзөтүү абактарында "смотрящий", "положенец" макамдарын алып жүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Уюшкан кылмыштуу топтун "Точка" каймана аттуу активдүү мүчөсү кармалып, эки айга тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 46 жаштагы А.Б. 4-февраль күнү Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринен кармалган.
Уюшкан кылмыштуу топтун "Точка" каймана аттуу активдүү мүчөсү кармалып, эки айга тергөө абагына киргизилди
Текшерүү учурунда андан 5 огу менен "Макаров" үлгүсүндөгү тапанча жана колго жасалган бычак табылган.
Бул факт боюнча Жазык кодексинин 253-беренесинин ("Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз алып жүрүү") негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган.
Кармалган адам каракчылык, уурулук, баңгизатты мыйзамсыз сактоо жана опузалоо сыяктуу беренелер боюнча бир нече жолу соттолгон. Түзөтүү абактарында "смотрящий", "положенец" макамдарына ээ болгон.