Жалал-Абадда 30 жаштагы келин үч баласы менен изделүүдө. Сүрөт

Балдары менен дайынсыз болуп жаткан аял 15-январь күнү Сузак районунун Жыгач-Коргон айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Сузак районунда 30 жаштагы Аттокур кызы Канзаада үч баласы менен изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.
Сузак районунда 30 жаштагы Аттокур кызы Канзаада үч баласы менен изделүүдө
Билдирүүдө келин 9 жаштагы кызы Жаңылай Камытова, 6 жаштагы уулу Исламбек Камытов жана 2 жашар кызы Бегимай Камытова менен 15-январь күнү Сузак районунун Жыгач-Коргон айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы айтылат.
"Учурда Аттокур кызы Канзаада жана анын балдарынын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт", — деп жазылат маалыматта.
Аттокур кызы Канзааданын бою 160-165 см, өңү кара тору, чачы, кашы, көзү кара, орто дене түзүлүштө. Үстүндө көк түстөгү шуба, башында көк түстөгү жоолук, кара түстөгү шым, кара түстөгү ботинка кийип жүргөн.
Облустук милиция дайынсыз болуп жаткан Аттокур кызы Канзаада жана анын балдары тууралуу маалыматы барларды 102, (03748) 5-02-09, 0558 16-16-91, 0778 15-15-91 номерлерине чалып коюуну өтүнөт.