Тарбаңдап, итиркейди келтирип... Жөргөмүштүн олжосун кармап жаткан видеосу

Бир катар жөргөмүштөр өзүнөн бир нече эсе чоң олжосун торуна түшүрүп, кармап алууга жөндөмдүү. Алардын Борбор Азияда да жашарын Италиядагы Трент университетинин окумуштуулары өзүнүн илимий материалында жазган.
Sputnik
Жакында италиялык эки окумуштуу кичинекей бул жаныбардын башка чоңураак чымын-чиркейлерге, көпөлөктөргө кандайча ууга чыгарын изилдеп көрүшкөн.
Окумуштуулар кезектеги экспериментинде кадимки эле тараканды жөргөмүшкө салып берип, аны кантип торго байлап жана чагып жатканын видеого тарткан.
Кадрлардан майда жандыктын өзүнөн бир нече эсе көлөмдүү тараканды тездик менен чырмап жаткандыгын көрүүгө болот.
"Кандай сүйкүмдүү". Кичине кыздын бөлмөсүн жөргөмүш каптаган видео
Мындай жөргөмүштөр Россиянын бир катар аймактарында, Борбор Азияда, Казакстанда, Кавказда жашай турганы айтылат. "National Geographic Россия" сайтында алардын бири эл сырткы көрүнүшүнөн улам кара курт катары кабыл алган жөргөмүш экени жана экинчиси илимде Steatoda triangulosa деп аталары маалымдалган.
Булар курмандыгын колго түшүргөндө желеси менен алгач анын буттарын байлап, андан соң денесин каршы-терши ороп чыгарын жазышкан. Андан соң уусу менен чагып өлтүрөт.
Окумуштуулар бул жөргөмүштөрдүн уусу адамдар үчүн анчалык коркунучтуу эмес экендигин белгилешкен.
Тенётник деп аталган түргө киргендер кээде көлөмү жагынан өзүнөн 50 эсе чоң жаныбарларды — чычкан, жыланды да курмандыкка чалып алууга жөндөмдүү экени айтылат.