Интеллектуал адамдар кайсы ооруга көп кабылат? Дарыгердин пикири

Адис илдеттен алыс болуунун бирден-бир жолу ар дайым дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, кыймылда болуп туруу экенин айтып берген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Мээ жабыркаганда, D витамини жетишпегенде, организмде магний менен темир көп болгондо адам Паркинсон илдетине кабылышы мүмкүн. Бул тууралуу дарыгер Александр Мясников "Россия 1" телеканалына айтып бергендигин РИА Новости жазды.
Дарыгердин айтымында, Паркинсон илдетин генетикалык кайталануудан башка себептер да жаратат.
"Магний менен темирдин көп болушу жана балачактагы ашыкча салмак да ооруга жетелеши мүмкүн. Адамдын билим деңгээли канчалык өйдө болсо, анын Паркинсон оорусуна чалдыгуу ыктымалдыгы ошончолук көп. Бул интеллектуал адамдардын оорусу", — деген дарыгер.
Адис кофени жакшы көргөндөр да абайлаш керектигин эскерткен. Ал эми илдеттен алыс болуунун бирден-бир жолу ар дайым дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, кыймылда болуп туруу экенин айтып берген.
Буга чейин Sputnik окумуштууларга таянып, жыт билбей калуу Паркинсон оорусунун баштапкы белгиси болушу мүмкүндүгүн жазган.