БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 79 кишиден табылып, 93 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлады.
Кечээтен бери Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында бир дагы адамдан коронавирус аныкталган эмес.
Жуктургандар:
Ушуну менен өлкө боюнча коронавирус жуктургандардын саны 81 635ке жетти.
Айыккандар:
Айыккандардын жалпы саны 81 635 болду.
Өткөн суткада коронавирус үч адамдын өмүрүн алган. Анын экөө Ысык-Көл облусунан болсо, бирөө Бишкекте көз жумган.
Коронавирустун курмандыгы болгондордун саны 1 426га жетти.
Учурда стационарларда 462 бейтап дарыланып жатат. Алардын ичинен 115инин абалы оор болсо, 33 бейтаптыкы өтө оор деп бааланды. Бүгүнкү күндө 609 бейтаптын амбулатордук шартта дарыланып жатканы маалым болду.
Бир сутка ичинде эки медиктен коронавирус табылган, анын бирөө ооруну кызыл зонадан жуктурганы айтылды.