Радио

Медетбеков: экстремизмдин бир нече түрү бар

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков жарандарды азгыруу үчүн мыйзамсыз уюмдар колдонгон ыкмаларды санап, анын алдын алуунун жолдорун айтып берди.
Sputnik
Терроризм, экстремизм боюнча айрым терминдерди колдонууда этият болуу зарыл. Бул тууралуу Артур Медетбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, исламдык терроризм, экстремизм деген терминдерди колдонуу туура эмес.
"Экстремизмдин түрү бар, ал диний, саясий, светтик, улуттук жана коомдук да болушу ыктымал. Маселен, футболдук таймаштан чыккан фанаттар оюндун натыйжасына нааразы болуп, үйлөрдү, унааларды талкалап коомго зыян келтирген учурлар болот. Муну коомдук экстремизмге жакын кадамдар дегенге болот. Ошондуктан айрым терминдерди колдонууда этият болуу зарыл. Экстремисттик уюмдар адамдарды азгырууда ар кандай иш алып барышат. Айрымдары акы төлөп жалдашат, соцтармактар аркылуу ар бир адам менен жекече байланышып кызыктырышы мүмкүн", — деди Медетбеков.
Ошондой эле ал бул багытта профилактикалык иш-аракеттерди күчөтүү керектигин кошумчалады.