Радио

Талантбеков: "Манас" эпосунда брусчатка "таш таман" деп айтылган

"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосундагы курулуш жаатында колдонулган сөздөрдү чечмелеп берди.
Sputnik
Учурда биз тиричиликте колдонуп жүргөн брусчатканы "таш таман" же "таман таш" деп атаса болот. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, чет элден келген айрым сөздөр күнүмдүк колдонууга кирип кеткен.
"Тиричиликте көп колдонгон "брусчатка" деген сөз бар. Мунун кыргызчасы эпосто да кездеше турганын көптөр биле бербейт. "Манаста" брусчатканы түшүндүргөн сөз "таш таман" же ырдын уйкашына жараша "таман таш" деп колдонулат. Шаар курдурууда, бутканаларды салдырууда ылай жерлерге "таш таман" төшөткөнү айтылат", — деди Талантбеков.
Манасчы көөнө сөздөрдү колдонуу менен тилди байытууга боло турганын кошумчалады.