БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Бишкек шаарындагы “Миң түркүн” соода борбору жайгашкан имараттагы Fiх Рrice дүкөнүндө өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Чүй проспекти, 127 дарегинде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат өрт өчүрүү кызматына түшөрү менен, тагыраагы, саат 08:36да Свердлов райондук №3 бөлүмүнөн бир автоунаа жөнөтүлгөн.
Андан соң Октябрь, Биринчи май жана ошол эле Свердлов райондук бөлүмдөрүнөн бирден өрт өчүрүүчү автоунаалар жөнөтүлгөн. Ошондой эле тилсиз жоо менен күрөшүүгө бир автошаты тартылган.
Өрт саат 09:50дө толук өчүрүлгөн. Азырынча анын чыккан себептери жана жабыркагандар боюнча маалымат бериле элек.