НТВ телеканалы бул окуянын видеосун жарыялады. Анда Римма дайынсыз кеткенден бери Бишкекте жашап келгени аныкталган. Алып баруучу Александр Лазарев редакция изделген адамды таап, бирок кандайдыр бир себептер менен туугандарына жолуктура албай калган учурлар болорун эскертти. Адатта ал окуяларга редакция кайра кайтат.
Лазарев эфир учурунда Ашикбаеванын кызы Бишкекте жашап жатканын айткан. Анын маалыматы боюнча, жубайлар Кыргызстанга келгенден кийин күйөөсү Римманы таштап, таптырбай кеткен.
"Эмнеге анткенин билбейм, балким, ата-энеси каршы чыккандыр... Жапжалгыз калдым же тил билбейм", — деп айтып берген Римма.
24 жылдан бери ал ар кайсы жакта жүрүп күн кечирген, документтери да күйөөсү менен кошо жоголгон.
"Ооба, үйгө кайткым келди, бирок акчам, эч нерсем жок болчу. Күчүмдү көз жашымдан чыгардым, келгениме аябай өкүндүм. Апа, сизди сагындым, мени кечириңиз", — деди келин ыйлап.
Акыры Римманын апасы менен сиңдиси Бишкекке учуп келип, жолугушту.
Бирок Римма Россияда расмий түрдө өлгөндөрдүн катарында болгондуктан, бир жарым жылдан кийин гана документтерин топтоп үйүнө кайта алган.
Жогорудагы окуя видеонун 36-мүнөтүнөн тарта көрсөтүлөт.