БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. 21-мартта Нооруз майрамына карата жана Болот Шамшиев, Темир Дүйшөкеев, Болот Шердин элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдешке Казакстан катышат. Бул тууралуу аталган улуттук спорттун федерациясынын башкы катчысы Куватбек Аскарбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, мелдешке Казакстан менен Афганистандан командалар чакырылган.
"Биз да федерациянын атынан Казакстандын парламент мажилисинин депутаты, социалдык-маданий өнүгүү комитетинин мүчөсү, Казакстандын улуттук спортунун түрлөрү боюнча ассоциациясынын президенти Бекболат Тлеуханга кат менен кайрылдык. Ал киши эпидемиологиялык абал жакшырса Казакстандан команда жиберерин убада кылды", — деди Аскарбеков.
Нооруз мелдешине карата чет жактардан команда чакыруу чечими федерациянын 2021-жылга карата каралган календарлык планында кабыл алынган. Анда калыстарды көк бөрү оюнуна үйрөтүү боюнча семинарларды өткөрүү, кошуна Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнө барып, жолдоштук беттештерди уюштуруу каралган.
Мындан сырткары, эл аралык "Русский мир" фестивалынын алкагында Москвада Чыңгыз Айтматовдун кубогуна арналып эл аралык мелдеш өткөрүлөт. Ошондой эле АКШда Көк бөрү федерациясын ачуу боюнча расмий делегациянын иш сапары каралган.