Нарын шаарында ок атышуудан бир киши каза болду

Укук коргоо органдары окуя тууралуу билдирүүнү тастыктаганы менен кененирээк маалыматты эртең берерин айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Нарын шаарында атышуудан бир киши каза болду. Маалыматты облустук ички иштер башкармалыгы тастыктады.
Билдирүүгө караганда, окуя бүгүн кечинде, саат 20.00 менен 21.00дүн ортосунда болгон. Алдын ала маалымат боюнча, каза болгон адам криминалдык чөйрөдө жүргөн киши экени айтылууда.
Укук коргоо органдары толук маалымат кийинчерээк берилерин кошумчалашты.