"National Geographic Россия" сайтынын маалыматына караганда, окуя эртең менен болгон.
Алардын жазганы боюнча, жапайы жаныбарлар, кыязы, жер талашып, бири-бирине тап берип, айбат кылышкан. Анткен менен кадрларга байкоо сала келгенде агрессия байкалбай, тескерисинче, бул кичинекей жаныбарлардын бири-бири менен ойноп жаткандай элес калтырат. Видеодон алардын өтө ысык болуп жакындашып кетпегени менен адатта жапайы жаратылышта кездешкенде бири-бирине кол салуу ниети сезилбейт.
Анткен менен кичинекей маймылдар беркилерге тап берип, тийишип, тырманып алып, саамга отура калып, айланага көз жүгүртүп, кайра "ишине киришкенин" көрүүгө болот. Андан бир нече кадам аралыкта эне павиан таштын үстүндө жайбаракат отурганы да видеого түшүп калган.
Таң эрте бул паркты кыдырып жүргөн адамга ал жердеги жогоруга окшогон, күндө эле кездеше бербеген окуялар жагымдуу маанай тартуулары турган иш.
Павиандар Түштүк Африкада кеңири жайылган маймылдардын түрү. Тулку боюнун узундугу 40-110 сантиметрге жетет. Эгерде коркунуч жаралса, тобундагы маймылдарды жырткычтарды ар кыл үн менен чаңырып, кыйкырып алыстатып, коргойт.
Буга чейин Түштүк Африкадагы Пилейнсберг улуттук паркына барган саякатчылар кабыландын баласын көтөрүп жүргөн павиандын видеосун жарыялаган.