COVID: үч бейтап көз жумуп, 72 адам ооруп калды. Кыргызстандагы статистика

Акыркы айларда Кыргызстанда коронавирустан адамдардын каза тапкан көрсөткүчү күн сайын үзгүлтүксүз катталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан үч киши каза тапса, 72 адам инфекцияны жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Анткен менен бир сутка ичинде 98 кыргызстандык COVID-19ду жеңген.
"Учурда ооруканада жаткандардын ичинен 133 бейтап оор, 32 киши өтө оор абалда жатат. Тилекке каршы, Бишкек шаарынан бир, Чүй облусунан эки адамды коронавирус алып кетти", — деп айтылат маалыматта.
Бир сутка ичинде коронавирус жана пневмония катталган жаңы учурлар:
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар:
Учурда Кыргызстан боюнча стационарларда 492 бейтап, амбулатордук дарыланууда 596 адам бар.