Кыргызстан Түркиядан бардык жабдуусу бар 5 мобилдик клиника алып келет

Буга чейин мобилдик клиникаларды алуу боюнча кыргыз өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкы келишим түзгөнү айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Кыргызстанга Түркиядан беш мобилдик клиника алып келинет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
5-февралда, министр Алымкадыр Бейшеналиев жана КРдин Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкарадагы мобилдик клиника чыгарган Optima Technic заводуна барышкан
Кечээ, 5-февралда, министр Алымкадыр Бейшеналиев жана КРдин Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкарадагы мобилдик клиника чыгарган Optima Technic заводуна барышкан.
Анда алар заводдун, Ислам өнүктүрүү банкынын жана башкы подрядчы норвегиялык "НОРМЕКА АС" компаниянын өкүлдөрү менен жолугуп, мобилдик клиникаларды Кыргызстанга жеткирүү маселелерин талкуулашкан.
Кытай Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина алып берет
Аталган клиникалар заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылып, компьютердик томограф, УЗИ аппараттары, маммограф, рентген аппараты, гастроскоп, колоноскоп, офтальмоскоп, риноскоп, эхокардиограф сыяктуу диагностикалык бөлүмдөрү болот. Ошондой эле биохимикалык жана башка анализдерди жүргүзүүгө ылайыкташкан лабораториялык жабдуулар, көзгө операцияларды жасоо бөлүмү иштейт.
Тараптар мобилдик клиникаларды Кыргызстанга жеткирүү процессин тездетүүнү макулдашышканы айтылды.
Мобилдик клиникаларды алуу боюнча кыргыз өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкы келишим түзгөн.