Министрдин өтүнүчү менен Түркия Кыргызстанга беш миң ПЦР-тест берди

Түркия парламентинин вице-спикери Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасынын иши боюнча келишимди эртерээк ратификациялоо идеясын колдой тургандыгын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанга гуманитардык жардам катары коронавирусту текшерген беш миң ПЦР-тест берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Россия Кыргызстанга кезектеги гумжардамын жөнөттү
Бейшеналиев өлкөдөгү коронавирус кырдаалына байланыштуу гуманитардык жардам сураганы, жооп катары Түркия ПЦР-тесттерди бергени белгиленди. Министр кол сунгандарга ыраазычылык айткан.
Жолугушууда Түркия парламентинин вице-спикери Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасынын иши боюнча келишимди эртерээк ратификациялоо идеясын колдой тургандыгын билдирген.