Кытай Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина алып берет

Чет өлкөлүк дипломат эки өлкөнүн ортосундагы өзгөчө мамилени эске алуу менен кыргыз тарапка биринчилерден болуп вакцина алып берүү чечими кабыл алынганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Кытай Эл Республикасынын өкмөтү Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина алып берет. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Мындай билдирүүсүн Кытайдын КРдеги элчиси Ду Дэвэнь өлкөнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушуу учурунда жасады.
1 / 3
Кытай эл республикасынын өкмөтү Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина алып берет
2 / 3
Мындай билдирүүсүн Кытайдын КРдеги элчиси Ду Дэвэнь өлкөнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушуу учурунда жасады
3 / 3
Чет өлкөлүк дипломат эки өлкөнүн ортосундагы өзгөчө мамилени эске алуу менен кыргыз тарапка биринчилерден болуп вакцина алып берүү чечими кабыл алынганын белгиледи
Чет өлкөлүк дипломат эки өлкөнүн ортосундагы өзгөчө мамилени эске алуу менен кыргыз тарапка биринчилерден болуп вакцина алып берүү чечими кабыл алынганын белгиледи. Препаратты жеткирүү боюнча техникалык маселелер тараптар ортосунда жакынкы арада чечилмекчи.
"Спутник V" вакцинасы мусулмандар үчүн адал экени айтылды
Казакбаев көрсөтүлүп жаткан жардам үчүн ыраазычылык билдирип, мындай кадам эки өлкөнүн ар тараптуу кызматташуусунун далили экенин айткан.
Дипломаттар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилени, стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө үчүн кызматташууну улантууга даяр экенин белгилешти.