БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Интернет жай иштеп калган учурда Wi-Fi-роутериңизге башка дагы бир адамдын кошулган-кошулбаганын текшерип көрүңүз. Бул тууралуу "Интеллектуалдык резерв" компаниясынын директору Павел Мясоедов "Прайм" агенттигине билдирди.
Анын айтымында, роутерди башкарууда жүктөп же браузерге кошуп ала турган программасы бар. Бул программанын жардамы менен журналды карап кимдер колдонуп жатканын көрүүгө болот.
Эгер ал программаны колдонууда кыйынчылык жаралса, роутердин индикаторуна байкоо салыңыз. Ал үчүн Wi-Fi колдонулуп жаткан бардык гаджеттерди, тиричилик техникаларын дагы өчүрүш керек. Ошондо роутердин бир же бир нече лампочкасы жанбай калат. Эгер анда дагы өчпөсө сиздин Wi-Fi-роутериңизди кимдир бирөө колдонуп жатканынан кабар берет.
Бул маселени чечүү үчүн сыр сөздү алмаштыруу зарыл.