Өкмөт электр энергиясына болгон тарифти өзгөртүү ниетин билдирди

Өкмөттүн программасында өлкөнүн энергетикалык сектору олуттуу реформалоого муктаж экени белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Жаңы өкмөт тарабынан түзүлгөн программада электр энергиясына болгон бааны кайрадан карап чыгуу тууралуу жазылган.
Аталган программанын жаңы энергетикалык стратегия бөлүмүндө өлкөнүн энергетикалык сектору олуттуу реформалоого муктаж экени белгиленген. Ага ылайык, кыргыз өкмөтү "Өлкөнүн энергетикасы — кайрадан жүктөө" улуттук программасын демилгелеп, өлкөнүн энергетикалык тармагын беш жылдык өнүктүрүүнү жарыялайт.
Анын алкагында жасалчу иштердин бири — тарифти кайрадан карап чыгуу.
"Энергетиканы жеке инвесторлор үчүн жагымдуу, рентабелдүү бизнеске айландыруу үчүн көрүлчү чаралардын бири болуп электр энергиясына болгон тарифтерди кайрадан карап чыгуу жана ошол эле учурда калктын аярлуу катмарына жардам көрсөтүү болуп эсептелет", — деп жазган программанын авторлору.
Жаңы өкмөт элди "жакырчылыктын тузагынан" чыгарууну убадалады. Программа
Ошондой эле Кыргызстан толук энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болушуна мүмкүнчүлүк берген, масштабдуу гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ички инвесторлорду издөө болжолдонууда. Бул үчүн Нарын, Көкөмерен жана Сарыжаз дарыяларына ГЭСтерди куруу керектиги айтылган.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда калк үчүн 700 киловатт-саат деген чектөө коюлган. Бул көлөмдөгү электр кубатын пайдаланган абоненттер 77 тыйындан, ашып кеткендер 2,16 сомдон төлөшөт.
Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып жаткан маалында электр кубатына болгон чектөөнү жоюп салууну убада кылган.