Былтыр алдыңкы спортчуларга 25 млн. сомго жакын стипендия төлөнүп берилген

Коронавирус пандемиясына байланыштуу бир катар турнирлер жылдырылып, август айынан тарта стипендия алган спортчулардын саны азайганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. 2020-жылы Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги алдыңкы атлеттерге жалпы эсеп менен 24 миллион 995 миң сом стипендия төлөп берди. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Билдирмеге ылайык, ай сайын орто эсеп менен спорттун олимпиадалык жана паралимпиадалык түрлөрү боюнча 73 спортчу стипендия алып турган.
Быйыл кыргызстандык спортчулар 15 эл аралык мелдешке катышат. Тизме
Мамагенттиктин бюджетинен мартта башка айларга салыштырмалуу стипендияга акча көбүрөөк бөлүнгөн. Стипендия алган спортчулардын саны 103кө жетип, суммасы 2 миллион 765 миң сомго барабар болгон.
Стипендияны спортчулар катышкан мелдештерге жараша алары белгиленет. Коронавирус пандемиясына байланыштуу бир катар турнирлер жылдырылып, август айынан тарта стипендия алган спортчулардын саны азайган.
Декабрь айында спорттун олимпиадалык жана паралимпиадалык түрлөрү боюнча 29 спортчу жалпысынан 1 миллион 35 миң сом стипендияга ээ болгон.
Белгилей кетсек, 75 миң сом өлчөмүндөгү I категориядагы стипендияны Токио шаарында өтө турчу Олимпиада оюндарына жолдомосу бар спортчулар алышкан. Алар жөө күлүктөр Дарья Маслова менен Юлия Андреева, грек-рим стилиндеги балбан Атабек Азисбеков, суучул Денис Петрашов жана кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова.
Сүрү сулуулугуна ширелишип... Тыныбекова көз талдырган сүрөттөрү менен бөлүштү
50 миң сом өлчөмүндөгү III категориядагы стипендия январь айынан декабрь айына чейин эркин күрөштүн балбаны Улукбек Жолдошбековго, январдан майга чейин грек-рим стилиндеги балбан Үзүр Жузупбековго, эркин күрөш боюнча балбан Арсалан Будажаповго марттан декабрга чейин төлөнүп берилген.
Ошондой эле пара пауэрлифтинг боюнча 3 спортчуга түрдүү категорияда стипендия төлөнүп жатты:
Мындан тышкары, 2020-жылы спорттун улуттук түрлөрү боюнча алдыңкы спортчулардын стипендиясына 555 миң сом бөлүнгөн.
Ошондой эле өмүр бою төлөнүүчү стипендияны Москва олимпиадасынын жеңүүчүсү Каныбек Осмоналиев (30 миң сом), Пекин олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Канатбек Бегалиев (25 миң сом) жана ушул эле олимпиаданын коло медалынын ээси Руслан Түмөнбаев (20 миң сом) алышат.