Апама донор болсом дейм... Азия оюндарынын чемпиону Алтынай жардам суроодо

Алыш күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чеберинин айтымында, апасынын боор оорусу күчөп кеткендиктен тез аранын ичинде алмаштыруу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Алыш күрөшү боюнча Азия оюндарынын чемпиону Алтынай Мамарасул кызы апасы Дөөлаткан Каипованын боорун тез арада Индиядан алмаштыруу керектигин айтып, социалдык тармак аркылуу коомчулуктан жардам сурап жатат. Маалыматты спортчу кыз Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине да тастыктады.
Мамарасул кызынын билдиришинче, апасына донор болуп берүүгө өзү белсенүүдө.
"Апамдын диагнозу гепатит Б Д4. Боор оорусу менен мурдатан эле күрөшүп келет, акыркы убакытта ичи шишип, илдет бат эле өтүшүп кетти. Дарыгерлер боорду тез аранын ичинде алмаштыруу керектигин айтышты. Биз Индиядан операция жасаталы деп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Баш-аягы 40 миң доллардай каражат керектелүүдө. Апама донор болууга өзүм даярмын, дарыгерлер менен талкуулап жатабыз", — деди балбан.
Балбан кыз Алтынай: атаандашымдын акырегин сындырып коюп, ооруканага барып жүрдүм
Спортчунун апасы Ош облустук ооруканасынан чыгып, жеке клиникада дарыланууда. Мамарасул кызы каражат канчалык бат чогулса операция ошончолук тез жасаларын айтып, кайдыгер эмес адамдардан кол сунууну өтүндү.
Алтынай Мамарасул кызы — 2017-жылы Ашхабад шаарында өткөн Азия оюндарында алыш күрөшү боюнча алтын медаль алып келген, Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарында (2016, 2018-жж.) II жана III орундарды алган. Эркин күрөш боюнча спорт чебери, алыш күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери.
2018-жылы турмушка чыгып, былтыр кыздуу болгон. Жакында эле спорттук карьерасын улантып жатканын айткан болчу.