Зеленскийдин импичменти үчүн Украина оппозициясы кол чогулта баштады

Мындан үч күн мурда мамлекет башчы оппозициячыл партиянын депутатына таандык үч телеканалга санкция киргизүү чечимин кабыл алган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Украинанын "Жашоо үчүн — оппозициялык платформа" партиясы президент Владимир Зеленскийге импичмент жарыялоо үчүн кол топтой баштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Эске салсак, 2-февралда Зеленский "Жашоо үчүн — оппозициялык платформа" партиясынан Жогорку Раданын депутаты Тарас Козактын "112.Украина", NewsOne жана ZIK телеканалдарына санкция киргизүү боюнча чечим кабыл алган. Телеканалдардын берүүлөрү азыр YouTube каналында гана көрсөтүлүп жатат.
Зеленскийдин жыйында сүйлөп жатып катуу чыккан үндөн чочуп кеткен видеосу
Аталган партиянын кечээки жыйынында Зеленскийге импичмент жарыялоо боюнча маселелер талкууланып, саясий уюмдун аймактагы өкүлдөрүнө тапшырмалар берилген.
Буга чейин Зеленский "Оппозициялык платформанын" саясий кеңешинин башчысы Виктор Медведчук партияда Украинанын президентинин Конституцияны жана мыйзамдарды одоно бузгандыгы жөнүндө далилдер бар экенин билдирген.
Ошол эле учурда Зеленскийдин маалымат кызматы телеканалдарга киргизген санкциялар сөз эркиндигине коркунуч келтирбейт деп ишендирген.