UFC уюму 11 мушкерди катарынан чыгарды. Тизме

UFC уюмунун башчысы Дана Уайт өткөн жылдын аягында промоушендеги мушкерлер тизмеси тазаланарын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Ultimate Fighter Brazil 3 мелдешинин экс-чемпиону, бразилиялык мушкер Антониу Карлос Жуниор UFC менен келишиминен кол жууду. Бул тууралуу ESPN маалымат булагы жазды.
UFC мушкери Конор Макгрегор алты айга беттештерден четтетилди
Сара Морас, Спайк Карлайл, Маркус Перес, Винисиус Морейра, Энтони Айви, Карлтон Минус, Питер Барретт, Джейкоб Килбёрн, Коул Уильямс жана Рис Макки аттуу спортчулар промоушендин катарынан чыгарылды.
Эске салсак, UFC уюмунун башчысы Дана Уайт өткөн жылдын аягында промоушендеги мушкерлер тизмеси тазаланарын айткан.