Тасма Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрынын артисттеринин катышуусунда экрандаштырылууда. Тарыхый тасма жеке демөөрчүлөр тарабынан каржыланган.
Тартуу иштери 1-февралда "Таш-Рабат" комплексинде башталды. Андан соң "Кошой-Коргондо", Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын сахнасында эпизоддор тартылган.
Sputnik Кыргызстан агенттиги Нарын облустук театрынын жетекчиси, "Тайлак баатыр" фильмин тасмага түшүрүүдө башында турган Жолдошбек Жанжигитовду кепке тартты.
— "Тайлак баатыр" тасмасын тартуу идеясы кимге таандык?
— Негизинен менин оюм болчу. Көптөн бери эле ишке ашыра албай келе жаткам. Чыгармачыл адамдардын баары эле идеяга бай болот, аларды ишке ашыра албай жүрүп эле көбүнүн көзү өтүп кетти. Анын үстүнө акыркы учурда Кыргызстанда саясий абал курчуп, айрым саясатчылар элди бөлүп-жарууга да жетишүүдө. Мындан тышкары, чек ара маселеси да чечилбей турат. Ушул таризде ойлонуп отуруп, элди биримдикке чакырган тасма жаратып, бир кезде элдин бейпилдигин камсыздаган тарыхый инсан тууралуу фильм тартуу ишине киришүүнү чечтим. Анын үстүнө Нарын театрына бир жылдык келишим менен жетекчи болуп келгем. Жакында келишим да аягына чыгат. Мен келгенден бир жума өтүп карантин жарыяланып, эч жумуш жасалбай эле отуруп калдык. Келгенден кийин "бир жыл жөн эле жатып кетип калды" деген сөзгө калбай театрга бир иш жасап кетсем деген да ой болду.
Тасма Нарын облусунда, көбүнчө Ат-Башы районунда тартылды
© Фото / предоставлено Жолдошбеком Жанжигитовым
— Акча маселесин кантип чечтиңер?
— Кудай тилегимди берип, Ак-Таланын кулуну Мирбек Раимов деген ишкер жигитке оюмду айтсам, ал дароо эле колдоду. Тасма Нарын облусунда, көбүнчө Ат-Башы районунда тартылды. Фильмге аттар, атчандар жана жөө адамдар болуп массовка да керек эле. Бул жагынан Ат-Башы районунун акими, Кара-Суу, Казыбек айыл өкмөт башчылары да карап турбай, колдон келген жардамын көрсөттү. Жергиликтүү элге да рахмат. Маданият министрлигинен бир тыйын чыккан жок. Анткени азыркы кырдаалды өзүңүздөр көрүп турасыздар. Деги эле башынан бери эле мамлекет тарабынан театр үчүн миллиондогон акчалар бөлүнгөн эмес. Каражатты кийин толуктап айтпасак, азыр иш толугу менен бүтө элек.
Негизи бизде улуттук баатырлар көп эле, бирок биз ошолордун бири Тайлак атабызга токтолдук. Ал киши убагында Кытай менен чектеш аймакты карап, биягынан Кокон хандыгы менен кармашып, кыргыздын бейгам көп салым кошкон баатыр. XIX кылымдын биринчи жарымындагы кыргыз элинин көз карандысыздык үчүн болгон кыймылынын ири ѳкүлү.
Жолдошбек Жанжигитов: негизи бизде улуттук баатырлар көп эле, бирок биз ошолордун бири Тайлак атабызга токтолдук. Ал киши убагында Кытай менен чектеш аймакты карап, биягынан Кокон хандыгы менен кармашкан
© Фото / предоставлено Жолдошбеком Жанжигитовым
— Фильмдин узактыгы канчалык?
— Эми чоң көлөмдөгү тарыхый фильмге акча көп кетет. Биз болгону жети мүнөттүк кыска метраждуу тасма тартып, Тайлак баатыр атабыздын бейнесине үч эле эпизодду камтып жатабыз. Мында ызы-чуу болгон элдин ынтымакка келе албаганы, сырткы душмандын кол салуусу, анан акырында кыргыздардын бир туунун алдына биригиши кирет. Биздин эл негизинен сырттан душман киргенде же калктын башына бир апаат келгенде гана бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарат. Буга 2010-жылдан берки окуялар деле күбө. Фильм эл башкарган билермандардын Манастын туусунун алдына чогулушу менен бүтөт. Тасманын негизги максаты — элди ынтымакка чакыруу.
— Чыгармачылык топ жалаң театрдын артисттери болдубу?
— Мындай тарыхый фильм тартууда кастинг өткөрүлсө көп каражат талап кылынмак. Бирок биз жалаң өзүбүздүн театрдын артисттерин тарттык. Анын үстүнө бир жылдан бери толук кандуу иштебей отуруп калышты. Алгач театрда атайын жыйналыш болуп, протоколдун негизинде артисттердин баары макулдугун беришкен. Ал эми фильмди буга чейин "Үркүндү" тарткан режиссёр Медин Учукеев тасмага түшүрдү. Экөөбүздүн мурдатан достук мамилебиз болгондуктан Медин өз командасы менен келип, бекер эле тартып берип кетти. Азыр эми монтаждап баштадык. Жакында жабык премьерасы болот. Бүткөн ишке сынчы көп. Албетте, тасманы сындагандар да четтен чыгат, бирок жөн отурбай акырындан баштай берели. Мүмкүн кийин ушунун негизинде чоң тарыхый тасма да тартылып калгысы бардыр.
Жолдошбек Жанжигитов: биз болгону жети мүнөттүк кыска метраждуу тасма тартып, Тайлак баатыр атабыздын бейнесине үч эле эпизодду камтып жатабыз
© Фото / предоставлено Жолдошбеком Жанжигитовым
— Сценарийин ким жазды?
— Сценарийди өзүм жаздым. Бирок тарыхый маалыматтарды тарыхчы Кайнарбек Бийлибаев берип турду. Ошол маалыматтардын негизинде гана бышыкталып сценарий жазылды.
— Катышкан актёрлорго гонорар төлөнөбү?
— Бул тасма 2021-жылга карата Нарын театрынын иш планына кирген. Азыр анын үстүнө "онлайн форматта иштегиле, элди чогултпагыла" деп жатпайбы. Ошондуктан алгач жеңил-желпи бир нерселерди тартуудан мурда ушундай ишти колго алуу тууралуу жамаатка ой салдык. Өлкөдө жалпы театр жаатында мындай иш биринчи жолу болуп жатат. Мурда-кийин бир да театр тасма тарткан эмес. Театрдын максаты башка болгону менен биз баары бир бара-бара эл аралык стандартка келебиз деп ойлойм. Жакынкы беш-он жылда көп театрлар буга кайрылат. Анткени заман агымы ошого алып бара жатат, анын үстүнө азыр элдин спектаклге келиши да көйгөй жаратып калды. Европа жана Россияда бул форматка эбак эле өтүшкөн. Ошондуктан коркпой эле бара берсек туура болот го деп ойлойм.
Тасманын демөөрчүсү Мирбек Раимов
© Фото / предоставлено Жолдошбеком Жанжигитовым
— Буга чейин театрдын куржунунда Тайлак баатырга арналган спектакль бар бекен?
— Мурда Кырчын жайлоосуна гастролго барганда Тайлак баатыр тууралуу үзүндү даярдап алып барышкан экен. Болгону ошол. Тайлак баатырдай эл-жердин бүтүндүгүн камсыздаган тарыхый инсандар ар бир чөлкөмдөн чыккан. Биз аларга чыгармачылык аркылуу басым жасап, ушул жол менен эл ынтымагын бекемдешибиз керек. Азыр демөөрчүбүз Тилек Раимов менен дагы сүйлөшүп жатабыз. Бул биздин биринчи пилоттук долбоорубуз болот. Эгер эл тарабынан колдоо тапса, дагы башка мындан да кенен долбоорлорду ишке ашырабыз.
— Качан көрүп калабыз тасманы?
— Ушул айдын аягында алгач Нарында, андан соң Бишкекке келип, Бексултан Жакиев, Мар Байжиев баштаган аксакалдарды, тарыхчыларды, кино өкүлдөрүн чакырып, бет ачарын жасайбыз. Андан соң калың эле тартууланат деген пландар бар.