БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Кечээ, 4-февралда, Улуттук банк сомдун кунун турукташтыруу үчүн 38 миллион доллар саткан. Маалымат мекеменин расмий сайтына жарыяланды.
Бул быйыл валюта рыногунда АКШ валютасын саткан экинчи учур. Улуттук банк биринчи ирет 28-январда интервенция жасап, 45,7 миллион доллар сатыкка чыгарган.
Бейшемби күндөгү эртең мененки көрсөткүчкө салыштырмалуу доллардын курсу сатып алууда беш тыйынга арзандаган (84,68 сом), ал эми сатыктагы нарк 84,9 сом бойдон өзгөргөн эмес.
Улуттук банктын алтын валюталык запасы (эл аралык валюталык резерв) сомдун курсун кармоого жана валюта рыногун жөнгө салууга шарт түзөт. Резервдин көлөмү дээрлик 2,8 миллиард доллардын тегерегинде.