Кызганып... Москвада кыргызстандык кызга бычак урду деген шектүү кармалды

ИИМдин маалыматына караганда, кылмышка шектүү катары кармалган жаран күнөөсүн мойнуна алып, бул ишке кызганычтын айынан барганын айтып берген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Москвада кыргызстандык кызга кол салды деп шектелип КРдин 23 жаштагы жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Бүгүн, 5-февралда, Москва облусунун Красногорск шаардык округунун башкармалыгынын полициясы Кыргызстан ИИМинин РФтеги өкүлчүлүгү менен биргеликте кыргызстандык кызга бычак менен кол салган деп шектелип жаткан И.Р. аттуу жаранды кармады. 23 жаштагы жигит полиция бөлүмүнөн күнөөсүн мойнуна алып, бул ишке кызганычтын айынан барганын айтты", — деп жазылат билдирүүдө.
ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү өткөн айда жоголгон беш кишини таап берди
Эске салсак, 2-февраль күнү болжол менен 15:28дер чамасында Москва облусунун Красногорск шаардык округунун Павшинский бульвар көчөсүндөгү №12 үйдүн жанынан бейтааныш адам 24 жаштагы Р.А. аттуу кызга белгисиз боюм менен кол салган. Жарадар болгон кыз Кыргызстандын жараны экени аныкталган. Учурда ал ооруканада.
Факты боюнча Москва облусунун Красногорск шаардык округу боюнча тергөө башкармалыгы РФтин Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 2-бөлүмү ("Курал катары колдонулган буюм менен денеге атайылап оор залал келтирүү") боюнча кылмыш ишин козгогон.
Колго түшүрүлгөн шектүү Кыргызстандын жараны экени тастыкталды.