ММА секс-символу атаандашын кекиртектен алды. Көз караштар таймашынан видео

Пейдж Ванзант өткөн жылдын октябрь айында UFC уюмунан кетип, учурда мээлейсиз, муштум менен урушкан таймаштын Bare Knuckle FC лигасында дебюттук беттешке даярданып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. ММА уюмундагы эң чырайлуу мушкерлердин бири Пейдж Ванзант көз караштар таймашында чатак чыгарды. Бул тууралуу MMAJunkie басылмасы жазды.
Ал өткөн жылдын октябрь айында UFC уюмунан кетип, учурда мээлейсиз, муштум менен урушкан таймаштын Bare Knuckle FC лигасында дебюттук беттешке даярданып жатат. Алгачкы ирет Бритейн Харт менен 6-февраль күнү күч сынашат.
Бүгүн спортчу кыздар таразага түштү. Андан соң алар көз караштар таймашына чыгып, ал жерден Ванзант атаандашын кекиртектен алды.
Жооп картары Харт ага бир нече жолу кыйкырып, чаап ийүүгө дагы аракет кылды. Бирок максатына жеткен жок.
26 жаштагы Ванзант UFC уюмундагы акыркы беттешин былтыркы жылдын 11-июлунда "Мушкерлер аралында" Аманда Рибас менен өткөрүп, утулуп калган.