Мишустин: Россия ЕАЭС өлкөлөрүнө COVID-19га каршы күрөшүүдө жардамын аябайт

РФ өкмөт башчысы Алматы шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда сүйлөп жатып, учурда коронавируска каршы күрөшүү боюнча маселелер орчундуу бойдон турганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Россия Евразия экономикалык биримдигиндеги өнөктөштөрүнө колдон келген бардык жардамын берүүгө даяр. Бул тууралуу РФтин өкмөт башчысы Михаил Мишустин билдирди.
Ал Алматы шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда сүйлөп жатып, учурда коронавируска каршы күрөшүү боюнча маселелер орчундуу бойдон турганын айтты.
"Биримдикке кирген бардык өлкөлөрдүн аймагында коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү күн тартибиндеги биринчи маселе. Биз өнөктөштөргө бул жаатта колдон келген жардамды аябай, тажрыйбабыз менен бөлүшүп, биргеликте иш алып барууга даярбыз", — деди Мишустин.
Марипов ЕАЭБ жыйынында аба каттамдарын көбөйтүү маселесин көтөрдү
Ошондой эле ал пандемияны ооздуктоо максатында "COVID-19суз саякаттайм" долбоору ишке кирип, атайын мобилдик тиркеме иштелип чыкканын кошумчалады. Аны 1-февралдан тарта Россия, Армения жана Беларустун жарандары колдоно алат.
Бул тиркемени уюлдук телефонго жүктөп алган соң COVID-19ду аныктоо үчүн тапшырылган ПЦР-тесттин жыйынтыгы тиркемеге аркылуу алып, телефонго сактап жүрсө болот.
Мындан тышкары, өкмөт башчы айрым өлкөлөр пандемиядан пайда табууну көздөп жатканын, бул нерсе абдан кооптуу экенин кошумчалады.