Мишустин ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн пайдалуу эки тиркеме иштелип чыкканын айтты

Россиянын өкмөт башчысы сунуштаган эки тиркеменин бири Россиянын аймагына тоскоолдуксуз кирүүгө жардам берсе, экинчиси ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн жумуш издөөдө ыңгайлуу.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин Алматыдагы санариптик форумда сүйлөп жатып, мобилдик тиркемелер иштелип чыкканын билдирди.
Almaty Digital Forum 2021 форумуна ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары катышууда.
"Россиянын сунушу жана санариптик демилгелер фондунун колдоосу менен иштелип чыккан "COVID-19суз саякаттайм" жана "ЕАЭБдеги жумуш" мобилдик тиркемелерин сунуш кылат элем. Бул тиркемелер жарандар тарабынан суроо-талапка гана ээ болбостон, биримдикке мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы байланышты чыңдоого түрткү болот", — деди Мишустин.
ЕАЭБде 2025-жылы роумингди жоюп салуу пландалууда
1-февралдан баштап "COVID-19суз саякаттайм" тиркемесин Россиянын, Армениянын жана Беларустун бардык жарандары колдонуп башташкан. Мында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары тиркеме аркылуу Беларусь жана Армениянын аймагы аркылуу Россияга кире алышат.
Россияга жол тарткандар жыйынтыгы терс чыккан коронавирус тестин "COVID-19суз саякаттайм" мобилдик тиркемесинен көрсөтүшү зарыл.
"Биз жакынкы күндөрү Казакстан менен Кыргызстан буга кошулат жана биздин кадырлуу өнөктөштөрдүн жарандары Россиянын аймагына тоскоолдуксуз кире алат деп үмүттөнөбүз", — деди РФ өкмөт башчысы.
ЕАЭБ өлкөлөрү эмнеге доллар менен соода жүгүртүүдөн баш тартышы керек?
Ал эми "ЕАЭБдеги жумуш" тиркемеси биримдикке кирген 5 өлкөдөн жумуш орундарын табууга керектүү документтерди толтурууга жана медициналык камсыздандыруудан өтүүгө жардам берет. Тиркемени турак жай тандоодо дагы колдонсо болот.
Россиянын өкмөт башчысы бул тиркеме кийинки жылдын башында аяктай турганын айтып, ага биримдикке кирген башка мамилекеттер дагы кошулат деген ишенимин билдирген.
Эскерте кетсек, аталган жыйынга Кыргызстандын жаңы дайындалган премьер-министри Улукбек Марипов да катышып, сөз сүйлөдү.