Мамлекеттик органдын бир кызматкерин кыскартуу үчүн 1,5 ай убакыт кетет. Процедурасы ушундай. Бул тууралуу Мыктыбек Өмүрзаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтмында, учурда реформа жүргүзүүдө ар бир министр өтө чоң жоопкерчиликтин алдында турат.
"Ар кандай административдик реформа илимий жактан терең изилденип, мамлекеттин багытына, максатына жараша жүргүзүлүшү зарыл. Бул үчүн атайын жумушчу топтор түзүлүшү керек эле, балким түзүлгөндүр, бирок коомчулукка айтылган жок. Эми бардык органдар коюлган үч айлык мөөнөттө күн-түн иштей турган мезгил келип жетти. Мисалга алсак, эки министрлик кошулду. Экөөндө тең юридикалык, жалпы бөлүм деген сыяктуу окшош бөлүмдөр кандай жол менен оптималдаштырылат. Кыскартуу структураларын кимдер иштеп чыгат. Соңку жылдары санариптештирүүгө өтүү аракеттери жүргүзүлгөн, бул багытта бир топ көйгөйлүү маселелер жаралышы ыктымал. Мыйзам боюнча мамлекеттик органда иштеген бир кызматкердин ордун кыскартуу үчүн эле 1,5 ай убакыт талап кылынат. Айтор, учурда министр болуп келген ар бир аткаминерге өтө чоң жоопкерчиликтер жүктөлүүдө", — деди Өмүрзаков.
Ал азыркы түзүлүп жаткан өкмөттүн структурасы Конституциянын жаңы долбооруна ылайыкталып жасалып жатышы мүмкүн деген пикирин кошумчалады.