Бишкекте 2 миллионунчу жаран биометрикалык ID-карта алды

Электрондук ID-карталарды киргизүү Кыргызстанда 2017-жылдын 1-майында башталган. Долбоор KOICA менен биргеликте ишке ашырылган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык ID-картаны эки миллионунчу жаранга берди.
Ведомстводон билдиришкендей, бүгүн, 5-февралда, эки миллионунчу Бектур Алибаев аттуу кыргызстандыкка идентификациялык карта салтанаттуу тапшырылды.
"Бектур Калкты тейлөө борборуна паспорт алууга жаш курагы жеткендиги боюнча документтерин тариздетүү үчүн кайрылган. Ал 17-февралда 17 жашка толот. Алгачкы ID-картасын Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов тапшырды", — дешти Мамкаттоодон.
Белгилей кетсек, электрондук ID-карталарды киргизүү Кыргызстанда 2017-жылдын 1-майында башталган. Долбоор KOICA (Korea International Cooperation Agency) менен биргеликте ишке ашырылган болчу. Корея тараптан электрондук улуттук күбөлүктүн программалык камсыздоосу иштелип чыккан, сервердик жабдуулар жана 1,9 миллион бланка берилген.