БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Алматыда өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн барган өкмөт башчы Улукбек Марипов Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуп, бир катар маселелерди талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Өкмөт башчылар соода-экономикалык, инвестициялык, айыл чарба, маданий-гуманитардык, суу-энергетикалык жана транспорттук тармактардагы эки тараптуу кызматташтык маселелери тууралуу пикир алмашышкан.
"Кыргызстан өз ара ишенимге негизделген чыныгы бир туугандык мамилелер менен сыймыктанат. Биз Өзбекстан Республикасы менен мындан ары карай дагы стратегиялык өнөктөштүктү активдүү өнүктүрүүгө даярбыз", — деди Марипов.
Өзбекстандын өкмөт башчысы Арипов кесиптешин кызматка дайындалышы менен куттуктап, кыргыз-өзбек мамилелери жогорку деңгээлде экендигин белгиледи.
"Өзбекстандын президенти башында турган өзбек тарап кыргыз элин ар кандай башталышта колдоого ала турганын, эки элдин жана өлкөнүн кызыкчылыгына дал келген бардык долбоорлорго колдон келген көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин ишенимдүү билдире алам", — деди ал.
Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин тастыктап, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелерин юридикалык жактан тариздөөнү жыйынтыктоо боюнча ишти активдештирүү жана күчтөндүрүүнүн зарылдыгын белгилешти.
Ошондой эле өзбек тарап өлкөгө минералдык жер семирткичтерди тийиштүү көлөмдө ташууну уюштурууга даярдыгын билдирди.
Жолугушуу соңунда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду коңшу өлкөгө иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.