Бишкекте жана Баткенде эки бейтап көз жумду. Коронавирус боюнча статистика

Мартта башталган пандемиядан бери расмий түрдө 85 миң кишиден коронавирус аныкталды. Бүгүн оору жуктургандардын көбү Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада 110 киши коронавирустан айыкты, ошол эле учурда 88 адамдан оору табылды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Ооруну жалпысынан 81 444 бейтап жеңди.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Расмий түрдө өлкөдө вирус жуктургандардын саны 84 920га жетти.
Тилекке каршы, COVID-19дан Бишкекте жана Баткен облусунда эки бейтап көз жумду. Коронавирус марттан бери 1 420 адамдын өмүрүн алды.
Учурда стационарда 511 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен үч адамдын абалы канааттандырарлык, 353ү орточо, 122си оор, 33ү өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 608 бейтап бар.