Кыргызстандык алты дзюдочу Израилдеги эл аралык турнирге катышат

Спорттук иш-чара 18-20-февраль күндөрү Израилдин Тель-Авив шаарында өтөт. Дзюдочуларды эки машыктыруучу коштоп бармакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Кыргызстандык алты дзюдочу эл аралык Tel Aviv Grand Slam Israel турнирине катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Маалым болгондой, спорттук иш-чара 18-20-февраль күндөрү Израилдин Тель-Авив шаарында өтөт.
Аталган мелдешке төмөнкү дзюдочулар барат:
Спорт агенттиги мелдешке катыша турчу дзюдочулар менен машыктыруучулар республикалык жана эл аралык мелдештердин календарлык планына ылайык жөнөтүлгөнүн белгиледи.