Бишкек менен Оштун прокурорлору кызматынан бошотулду

Иштен кетирилгендер Бишкек менен Оштун прокуратурасын 2018-жылдан бери жетектеп келишкен. Абдраимов өткөн жылы кызматтык формасы менен калпак кийип алганы үчүн сөгүш алган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын прокурору Темирбек Бекмамат уулу менен Оштун прокурору Кубат Абдраимов ээлеген кызматтарынан бошотулушту. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.
Бекмамат уулу менен Абдраимов көзөмөл органын 2018-жылдан бери жетектеп турушкан.
Зулушевдин айтымында, эки прокурор тең ден соолугуна байланыштуу кызматтан кетүү боюнча арыз жазышкан.
Абдраимов 2020-жылдын май айында Улуу Жеңиштин 75 жылдык мааракесинде кызматтык форма менен калпак кийип алганы үчүн сөгүш алган.