Алдыда бир топ кызмат адамдары камалат. Баш прокурордун билдирүүсү. Видео

Башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн маалымат жыйын өткөрүп, 2020-жылдагы жана өзү кызматка дайындалгандан кийинки иштери менен кабардар кылды. Аны менен катар журналисттердин бир нече суроосуна жооп берди.
Sputnik
Зулушев президент Садыр Жапаровдун 10 жылга эркинен ажыратылган бир тууган эжеси Райкүл Жапаровага карата өкүмдү Жогорку сот жокко чыгарганын билдирди. Демек, ал Кыргызстанга эркин келе берсе болорун айтты. Жапарова Кыргызстанда 2015-жылы сыртынан соттолуп, былтыр Интерпол аркылуу Польшадан кармалган. Ага мыйзамсыз жол менен алынган акча каражатын же башка мүлктөрдү легалдаштыруу, шылуундук жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча айып тагылган.
Садыр Жапаровдун эжесин 10 жылга кесүү боюнча соттун чечими жокко чыкты
Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү департаменти пандемия маалында сапатсыз кол каптарды жана бир бахиланы 150 сомдон сатып алган компаниянын атын атады. Ал — "Фарватер" ишканасы. Бул иш боюнча бир нече кызмат адамдары тергелип жатканын, министрге дагы жетиши мүмкүндүгүн айтты.
Зулушев: экс-президент Жээнбеков сотко көрсөтмө бергени келиши керек
Курманкул Зулушев башкы прокурор болуп өткөн жылдын 21-октябрында дайындалган. Ал кызматка киришкенден кийин мамлекетке келтирилген 2 миллиард 99 миллион 172 миң сомдук зыянды аныктаганын билдирди. Азыркы тапта анын 264 миллион 117 миң сому өндүрүлгөн.
Эгер тергөө сапаттуу жүргүзүлсө, уурдалган каражат бул суммадан алда канча көп аныкталышы мүмкүн экенин айтты.
Башкы көзөмөл органынын жетекчиси буга чейин да коррупцияга шектелген кызмат адамдары камалганын белгилеп, алдыда дагы бир нече кызматкер кармаларын билдирди.