БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Башкы прокурор Курманкул Зулушев прокуратура каралоочу орган болуп калбашы керектигин билдирди. Бул тууралуу ал коллегиялык жыйында айтканын мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Зулушевдин айтымында, Жогорку сот тарабынан актоо өкүмдөрү күчүндө калтырылганда прокурордун жоопкерчилигин кароо боюнча көрүнүштү өзгөртүү керек.
"Анткени актоо өкүмү же жарандык иш боюнча чечим кабыл алынгандан кийин сотко катышкан прокурорду сот актысын терең изилдетпестен, жогорку инстанцияга чейин даттанууга милдеттендирүүдө. Мында соттолуучунун жана соттук процесстин башка катышуучуларынын укугу бузулуп, прокуратура системасы элге терс тарабынан көрсөтүлүп жатат", — деди башкы прокурор.
Ал прокурорлорду сот актыларына даттануудан мурда анын мыйзамдуулугун терең изилдеп чыгууга үндөгөн. Мында тергөөнүн сапатына, кылмышкердин аракеттерине туура баа берилгендигин аныктоого жана жарыш сөзгө чыгуу үчүн даярданууга көңүл бурган.
Зулушев ошондой эле прокуратура кызматкерлери материалдык кызыкчылыктары үчүн ишти создуктурууга жол бербеши керектигин баса белгилегени айтылды.