Үй-бүлөмөн бирөө да мамлекеттик ишке аралашпайт! АКШ президенти Байдендин убадасы

АКШны Дональд Трамп башкарып турган учурда анын кызы Иванка Трамп биринчи кеңешчиси болсо, күйөө баласы Жаред Кушнер улуу кеңешчиси эле.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байден People басылмасына маек берип, буга чейинки мамлекет башчысына салыштырмалуу анын үй-бүлөсүнөн бир дагы адам мамлекеттик иштерге жана тышкы саясатка аралашпай турганын убадалаган. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
"Обама-Байден администрациясынын убагындагыдай иштейбиз. Биздин үй-бүлөдөн же туугандарымдын арасынан бир дагы адам мамлекеттик иштерге жана тышкы саясатка аралашпайт. Бул тармакта эч ким иштебейт", — деген ал.
Белгилей кетсек, АКШны Дональд Трамп башкарып турган учурда анын кызы Иванка Трамп биринчи кеңешчиси болсо, күйөө баласы Жаред Кушнер улуу кеңешчиси эле. Кушнер Жакынкы Чыгыш мамлекеттери менен иш алып барчу.