БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Жеңил атлетика боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Мусулман Жоломанов менен Алмаз Эсенжанов Түркиянын жана Украинанын ачык чемпионаттарына катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Спортчулар башкы машыктыруучу Сатыбек Чокаевдин жетекчилиги алдында турнирге жөнөтүлдү.
Бул иш сапар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календардык планына киргизилгени белгиленди.