Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасын кабыл алды

Абдыгулов президентке Улуттук банк экономиканын реалдуу секторун колдоого жалпысынан 9,6 миллиард сом бөлгөнүн айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушууда Улуттук банктын жана банк секторунун 2020-жылкы ишинин жыйынтыктары, 2021-жылга карата пландары талкууланган.
Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, 2020-жыл кыйынчылыктарга карабастан, ата мекендик каржы системасы үчүн жакшы көрсөткүчтөр менен аяктаган. Алар:
Улуттук банк инфляциянын орто мөөнөттүү көрсөткүчтөрүн 5-7 пайыздын тегерегинде кармай алган;
Улуттук банктын кирешеси рекорддук 8 миллиард 484 миллион сомду түзгөн.
Банкка салынган акчаны кантип көбөйтсө болот? Кыргызстандагы депозит тууралуу
Абдыгулов президентке Улуттук банк экономиканын реалдуу секторун колдоого жалпысынан 9,6 миллиард сом бөлгөнүн айткан.
Мамлекет башчы Кыргызстандын соода-экономикалык өнөктөш өлкөлөрүнүн эл аралык каржы рыногуна байкоо жүргүзүү зарылдыгына токтолуп, өлкөнүн каржы-насыялык мекемелеринин туруктуу жана ишенимдүү иштеши керектигин белгилеген.
Ошондой эле улуттук валюта курсунун кескин өзгөрүшүнө жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүү зарылдыгын айткан.