Радио

Бакиров: Улуттук банктын министрликке каратылышы туура эмес

"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров өкмөт структурасындагы өзгөрүүлөр боюнча пикирин айтты.
Sputnik
Улуттук банктын бир министрликке карап калышы туура эмес. Мындай оюн Мирлан Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Улуттук банктын статусун аныктоо маселеси кайрадан каралышы мүмкүн.
"Финансист катары менин жеке оюмда Улуттук банкты бир министрликке каратып коюу туура эмес. Азыркы иштеп жаткан Баш мыйзамда Улуттук банк өзүнчө Конституциялык орган катары көрсөтүлүп, ошого жараша милдеттемелер жүктөлгөн. Ал өлкөнүн акча саясатын жүргүзүп, валюта кунун сактап турган, эл аралык деңгээлдеги айтыла турган да, ачыкталбай турган да маселелерде өзүнүн орду бар мекеме. Аны бир министрликке караштуу кылып коюу туура эмес. Алдыда, балким, бул маселе кайрадан каралат чыгар", — деди Бакиров.
Ал өкмөттүн курамы бекитилип жатканда бул маселени көтөрбөй калгандыгын кошумчалады.