Ондогон мүлк, мыйзамсыз лицензия. УКМК Жумалиев эмнеге кармалганын айтты

Депутат бүгүн коррупцияга шектелип кармалып, Биринчи май райондук сотуна алынып келген. Сот анын баш коргоо чарасын тандап, эки айга камакка алган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев Эл аралык медициналык университетке лицензияны мыйзамсыз алган жана башка бир катар мыйзамдарды бузган деп шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, Жумалиев бүгүн коррупцияга шектелип кармалып, Биринчи май райондук сотуна алып келинген. Сот анын баш коргоо чарасын тандап, эки айга камакка алган.
"Депутат Кубанычбек Жумалиев өзүнүн саясий таасирин колдонуп, кысым көрсөтүү менен Эл аралык медициналык университетине лицензияны мыйзамсыз алгандыгы аныкталды. Тиешелүү комиссия окуу жайга уруксат кагаз берүүдөн баш тарткан. Бирок Жумалиевдин таасири алдында комиссиянын корутундусу оң жагына өзгөртүлүп, лицензия берилген", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Жумалиев жана ага байланышы бар адамдар тарабынан кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу жана салык төлөөдөн баш тартуу, мыйзамсыз баюу фактылары аныкталганы айтылды.
УКМК: Жогорку соттун төрайымы Калиева дагы бир мыйзамсыз ишке шектелүүдө
"Учурда 78ге жакын кыймылсыз мүлк объектилери жана ар кандай компаниялар ачыкталды. Алардын катарында Жумалиевге мурда менчиктештирилип, анын туугандарына жана аффилирленген адамдарга таандык болгон "Таатан" жана "ГОИН" соода борборлору, билим берүү жана медициналык мекемелер, мейманканалар, кен чыккан жерлер, темир жана болот заводу, телерадиокомпания аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
УКМКдан кошумчалашкандай, Жумалиевге 4-февралда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") менен каралган кылмышка шектүү экендиги жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн.