Депутат: Төрткүлдөгү канал Тажикстанга өтүп кеткени айтылды, анда иш чатак

Кечээ премьер-министр Улукбек Марипов парламентте өкмөттүн курамы каралып жатканда каналдын башы өтүп кеткенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Баткен облусундагы Төрткүл суу сактагычындагы каналдын Тажикстанга өтүп кетиши боюнча маселени тез арада кароого чакырды.
Белгилей кетсек, кечээ премьер-министр Улукбек Марипов парламентте өкмөттүн курамы каралып жатканда каналдын башы өтүп кеткенин айткан.
"Төрткүл суу сактагычына келген каналдын башын дагы, тилекке каршы, алдырыптырбыз. Мен бул боюнча дагы тактадым. Бул жерде стратегиялык маселелер бар", — деп айтан Марипов.
Эл өкүлү бул жагдай боюнча тиешелүү комитеттерге тапшырма берип, Тышкы иштер министрлигинин расмий маалыматын угууну сунуштады.
Баткен облусунун ооруканаларына 9 тез жардам унаасы берилди. Сүрөт
"Кечээ премьер-министр Улукбек Асамидинович Баткен облусундагы Төрткүл суу сактагычы тууралуу кызык жагдайды айтып алды. Эгер анын сөзүнө ишене турган болсок иш чатак жагына айланат. Маселе оор жагдайда карала турган болсо, анда тез арада депутаттык комиссия түзүшүбүз керек", — деди Икрамов.
Ошондой эле жакында жазгы талаа иштери башталарын белгилеп, маселени эртерээк күн тартибине киргизип кароо керектигин айтты.
Төрткүл суу сактагычына агып түшкөн суунун башы Тажикстан менен чектешет.